Бабанов-Төрөбаев тандеми

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабанов менен 17-сентябрда Жалал-Абад шаарында саясий тандемге кол коюшуп,президенттик шайлоодо Бабановду колдоп чыгарын билдирди. Саясий тандемге ылайык, Өмүрбек Бабанов президент болуп шайланса, Бакыт Төрөбаев премьер-министр болот. Саясатчылардын бул кадамын кубаттагандар да, жактырбагандар да арбын. Айрымдар Төрөбаев мындай чечимге аргасыздан барды деп сыпатташууда.