Бишкекте мамлекеттик тил майрамына карата флеш-моб өттү

Бишкектеги флеш-моб. 22-сентябрь, 2017-жыл.

Баш калаадагы Жаштар аллеясындагы иш-чара «Кыргыз тилим жашасын!» деп аталды. Аны Бишкек шаардык мэриясы "Жаштар кеңеши" кыймылы менен чогуу Мамлекеттик тил күнүн утурлай уюштурган.

Флеш-мобдун максаты жаштар арасында кыргыз тили менен улуттук каада-салттарды жайылтуу, элдин мамлекеттик тилди үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырууга багытталган. Флеш-мобдун жүрүшүндө "Жаштар кеңеши" кыймылы концерт тартуулады. Иш-чарага мэриянын, Ленин райондук администрациясынын кызматкерлери, студенттер катышты.

Мамлекеттик тил майрамы 24-сентябрда белгиленет. Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы 1989-жылы 23-сентябрда берилген. Ал эми 2014-жылы кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча улуттук программа кабыл алынган. Эне тил майрамынын урматына бардык аймактарда ар кандай иш-чаралар бир апта мурда эле башталган. Бүгүн Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында мамлекеттик тил күнүнө карата премьер-министр Сапар Исаков баштаган тиешелүү өкмөт өкүлдөрү, тилчи, эксперттердин катышуусунда салтанаттуу иш-чара болду. (NT)