30-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга өтүшү мүмкүн. Тоолордо кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Күндүз жаан-чачын кээ бир райондордо болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 18-23 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө жана Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 2...7, күндүз 11...16;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 5...10;
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8...-13, күндүз -1...-6;
Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1 …3°, күндүзгү жогорку температурасы 9…11°.