Тажикстанда самогон кайнатып, шарап жасоого уруксат берилди

Президент Эмомали Рахмон Хорасан (Хуросон) районундагы жүзүмзарга барган учур. 1-октябр, 2017-жыл.

Тажикстандын тургундары буга расмий уруксат алганы менен үй шартында өндүрүлгөн спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат.

“Этил спирти менен алкоголду өндүрүүнү, жүгүртүүнү мамлекеттик тескөө жөнүндөгү” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү Тажикстандын парламенти 2-октябрда жактырган.

Жаңы мыйзамга ылайык, Тажикстандын жашоочулары курамында алкоголь бар ичимдиктерди жеке керектөөсү үчүн өндүрүүгө расмий уруксат алышты. Ал эми бул өнүмдү сатуу үчүн атайын өкмөттүн лицензиясы талап кылынат. (UE)