Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңешке депутат болду

Мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев "Республика-Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болду. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында кабыл алынып, Рысалиевге депутаттык төш белги жана күбөлүк тапшырылды.

Зарылбек Рысалиев "Республика-Ата Журт" фракциясынын мүчөсү Нургазы Нишановдун ордуна келди.

Өкмөттүн маалымат кызматы 4-октябрда Нургазы Нишанов "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалганын билдирген.

Рысалиев учурдагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө КСДП партиясынын президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп жаткан. Ошондой эле анын башкы атаандашы саналган Өмүрбек Бабановду сындап, айыптаган сөздөрү видео тасма түрүндө интернетте тараган болчу.

“Республика - Ата Журт” фракциясынын жетекчилиги жана секретариаты катарына жаңы депутат кошулушун азырынча комментарийлей элек. ​(NT)