Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга барды

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева менен Ташкент аба бекетине келген учуру. 

Президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргызстандык делегацияны Ташкент аэропортунан өзбек президенти Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон менен тосуп алды.

Эки лидер кол алышып жаткан учур. 

Өзбекстан менен Кыргызстандын президенттери жубайлары менен. 

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапары эки күнгө созулат. Сапар алкагында эки өлкөнүн президенттери тар жана кеңири курамдагы кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча сүйлөштү.

Ташкент. Кыргыз президентинин сапарынын жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашуу боюнча протоколго кол коюлду. Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек достугун, жакшы коңшулукту жана ишенимди чыңдоо жөнүндө декларацияга кол коюшту.

Алмазбек Атамбаев. 

Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, аэропорттогу расмий тосуп алуу иш-чараларынан кийин президент Алмазбек Атамбаев Ташкенттеги "Эгемендик жана гуманизм" монументине гүл койду. ​Андан кийин эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кыргызстандын айыл чарба жана кайра иштетүү өндүрүшүнүн көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.

Алмазбек Атамбаев.