Сербия менен Исландия Дүйнөлүк футбол чемпионатына катышат

Исландия курмасынын күйөрмандары

Сербия менен Исландия Орусияда кийинки жылы өтүүчү Дүйнөлүк футбол чемпионатына жолдомо алды.

Сербиянын курама командасы 9-октябрда Белградда Грузияны 1-0 эсебинде утуп, (D группасы) 2010-жылдан бери биринчи жолу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Исландия болсо Рейкявикте Косовону 2-0 менен жеңип, (I группасы) Дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алган эң чакан өлкө болуп калды. Исландиянын калкынын саны 350 миңди гана түзөт.