Бишкекте дагы бир магистралдык жол курулат

Бишкек.

Башкалаада курулушу максат кылынып жаткан жаңы магистрал Ахунбаев жана Садырбаев (мурдагы Бах) көчөлөрүнөн башталып, Сокулук районунун Ак-Ордо конушуна чейин созулат.

Анын узундугу 4,8 чакырым, туурасы 15 метр болорун мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жолдун эки тарабында тең жөө жүргүнчүлөр үчүн 2 метрлик тротуар салынып, жол чырактар орнотулат.

Муну менен Ахунбаев көчөсү узарып, бир катар жолдордо тыгындар азаят деп мерчемделүүдө. Жол салуу үчүн 200гө чукул мыйзамсыз объектилер бузулган. (NT)