Бул тууралуу Мадридде өкмөттүн бүгүнкү чукул жыйынынан кийин премьер-министр Мариано Рахой билдирди:
- Бүгүн эртең менен өкмөт Каталония өкмөтүнөн көз карандысыздык жарыяланган-жарыяланбаганын ырастоосун расмий талап кылууну макулдашты. Анткени бул жерде атайлаган чалкештик болуп жатат.
Премьер-министр Рахой кошумчалагандай, бул маселедеги тактык Испания өкмөтү Конституцияга ылайык кийинки кадамдарды жасоосу үчүн керек.
Рахойдун билдирүүсү алдында кечээ кечинде Каталония автоном аймагынын жикчил лидерлери алар көз карандысыздык декларациясы деп аташкан документке кол коюшкан болчу. Ага чейин каталон президенти Карлес Пучдемон 10-октябрда парламенттеги сөзүндө 1-октябрдагы референдумдун жыйынтыктары аларга Испаниядан бөлүнүү укугун берди деп ырастаган. Бирок ал аймактык парламентке көз карандысыздык декларациясынын күчкө кирүүсүн Мадрид менен диалог баштоо үчүн токтото турууну да сунуштаган болчу.
1-октябрдагы талаштуу референдумда Каталониянын шайлоого укуктуу калкынын 43% же 2,3 миллиону добуш берген эле. Аймактык бийликтер алардын 90% көз карандысыздыкты колдоду деп жарыялашкан.
Расмий Мадрид референдумду мыйзамсыз жана Конституцияга каршы деп атаган. (UE)