Бишкек-Торугарт жолундагы кырсык киши өмүрүн алды

Бишкек-Торугарт жолу.

Автокырсык 11-октябрда саат 12:26 чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 375-чакырымында болгон.

“Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа жолдон чыгып, аласалып кеткен. Анын айдоочусу, 32 жаштагы Нарын шаарынын тургуну каза тапкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маркумдун сөөгүн чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп берген.