Добушкана болгон мектептер дүйшөмбүдө иштебейт

Иллюстрациялык сүрөт

Бүгүнкү президенттик шайлоодо имараты добушкана катары пайдаланылып жаткан мектептер дүйшөмбү күнү иштебейт. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, бул мектептерде 16-октябрда санитардык күн болот.

Кыргызстанда 2236 орто мектеп бар, алардын 1441де шайлоо участоктору иштеп жатат. (RK)