Садыр Жапаров Молдовановкадагы абакка которулду

Садыр Жапаров

“Мекенчил” партиясынын камактагы лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров Молдовановкадагы №1 абакка которулду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова бүгүн, 18-октябрда кабарлады.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2-августта Садыр Жапаровду 11,6 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Кийин бул өкүмдү шаардык сот күчүндө калтырган. Жапаров буга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган.

Жапаров өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ошол кездеги өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп айыпталган.

Сот жараяны учурунда Эмилбек Каптагаев Садыр Жапаровго доосу жок экенин айтып, бир нече жолу көрсөтмө берген. (КЕ)