Бишкекте БУУ күнү белгиленди

БУУ үйү. АКШ, Нью-Йорк. 20-сентябрь, 2017-жыл.

Бишкекте бүгүн Бириккен улуттар уюмунун күнү белгиленди. 

"Бишкек-парк" эс алуу борборунда БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү туруктуу өнүгүү боюнча өз ишмердиги менен тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө жарандар саат 11ден 16га чейин ВИЧ боюнча акысыз тесттен өтүп, үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча адистердин кеңештерин алышты.  

Өспүрүмдөргө жомоктордун бурчу, сынактар уюштурулду. Катышуучуларга концерт да тартууланды. 

Бириккен улуттар уюмунун күнү 1948-жылдан бери 24-октябрда белгиленип келет. 1945-жылы бул күнү БУУнун уставы күчүнө кирген. (NT)