Роналду "2017-жылдын мыкты футболчусу" аталды

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) Реал клубунун жана Португалия курамасынын оюнчусу Криштиану Роналдуну 2017-жылдын мыкты футболчусу деп тапты. 

The Best сыйлыгына талапкерлердин арасында Роналдудан тышкары, Барселона чабуулчусу Месси жана Паи Сен-Жермен оюнчусу Неймар дагы бар эле. 

32 жаштагы Роналду The Best сыйлыгын былтыр да алган. Ага эки ирет Эл аралык футбол федерациясынын "Алтын топ" сыйлыгы, 2008-жылы "Жыл футболчусу" наамы ыйгарылган.