Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч өмүр кыйылды

Иллюстрациялык сүрөт

Балыкчы - Каракол унаа жолунун 55-чакырымында «Тойота Прадо» үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, үч адам көз жумду. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында Чок-Тал айылынан Бишкек шаарын көздөй багыт алган унааны Бишкектин 32 жаштагы тургуну башкарып бара жаткан.

Адамдардын өмүрүн алган окуя кечээ 24-октябрда саат 20:30 чамасында болгон.

Жолдун жээгинде туруп өлүмгө учурагандар 36 жана 37 жаштагы эже-сиңди жана алардын биринин 1 жаш 9 айлык кызы экени аныкталды. 

Учурда шектүү айдоочу Ысык-Көл ички иштер бөлүмүндө камакта. Ал унаанын ылдамдыгын ашырбаганын айткан. Бул факт боюнча териштирүү иштери башталды.

Айдоочу медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөндө ал спирт ичимдигин ичпегени белгилүү болду. (AsM)