Дастан Жумабеков: Бардык фракцияларга бирдей мамиле кылам

Дастан Жумабеков.

Жогорку Кеңешке жаңы спикер болуп шайланган Дастан Жумабеков парламенттеги бардык фракцияларга тегиз кароого убада берди:

- Мен мамлекет үчүн, Кыргызстан эли үчүн таза иштеп бергенге, баарыңарга, бардык фракцияларга тегиз кароого сөз берем.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты, 41 жаштагы Дастан Жумабеков парламент спикери болуп 25-октябрда шайланды. Аны 80 депутат колдоду. Дагы бир талапкер, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиевге 32 киши добуш берди. Беш депутат эки талапкерге тең "каршы" болушту.

Мурдараак парламентти бир жарым жыл башкарган Чыныбай Турсунбеков отставкага кеткенин жарыялаган. (SE)