Кыргыз-казак премьерлеринин кайчы пикири

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстан чек арада бажы жана салык төлөмдөрүнө зыян келтирип жаткан аткезчилик агымына каршы көзөмөлдү күчөтүп жатат. Кыргызстан болсо Казакстандын билдирүүлөрү менен толук макул эместигин билдирүүдө. 25-октябрда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Арменияда өткөн жыйынында Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков менен Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев чек арадагы абал жана ЕАЭБ боюнча кайчы пикирлерин ортого салды.