Коопсуздук кеңешинин катчысы алмашты

Алмазбек Курманалиев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда кол койгону расмий кабарланды. 

​Алмазбек Курманалиев буга чейин коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалап келген. 

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Жеңиш Разаков президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. (SE)