Чек ара маселеси аткезчилик көйгөйүн көтөрдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Казакстан чек арада бажы жана салык төлөмдөрүнө зыян келтирип жаткан аткезчилик агымына каршы көзөмөлдү күчөтүп жатканын жарыяласа, Кыргызстан Казакстандын билдирүүлөрү менен макул эместигин айтууда. Эки өлкө чек араны чечүү боюнча кечээки сүйлөшүүлөрүндө аткезчилик темасынан улам орток пикир таба алган жок. 25-октябрда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Арменияда өткөн жыйынында Кыргызстан менен Казакстандын өкүлдөрү чек арадагы абал жана ЕАЭБ боюнча кайчы пикирлерин билдиришкен.