Астанада Сирия сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы башталды

Cирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрүнүн мурдагы айлампасы. 15-сентябрь, 2017-жыл.

Казакстанда бүгүн башталган көп тараптуу жолугушуу - Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жетинчи айлампасы. Казак Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул жолку сүйлөшүүлөргө ага катышып жаткан тараптардын баары келди.

Орусия, Иран, Түркия демилгечи болуп келе жаткан Астана сүйлөшүүлөрүндө негизги көңүл Сирияда ок атышууну токтотуу маселесине бурулууда.

Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки акыркы айлампаларында жарандык согуш жүрүп жаткан өлкөдө кеминде төрт де-эскалация зонасын уюштуруу маселеси талкууланган.

Астана сүйлөшүүлөрүнө демилгечи болгон Орусия жана Иран президент Башар Асаддын режимин, ал эми Түркия жана АКШ түрдүү козголоңчул топторду колдойт.

АКШ сүйлөшүүлөргө байкоочу макамында катышып келүүдө.

Сириядагы согушту токтотуу боюнча БУУнун ортомчулугу менен Женевада да өзүнчө сүйлөшүүлөр өтүп келет.

Улуттар уюмунун чабарманы Стеффан де- Мистуранын өткөн апта соңундагы жарыясына караганда, Женева сүйлөшүүлөрүнүн сегизинчи айлампасы келерки айдын соңунда болот. (UE)