Сириядагы батыш колдогон негизги саясий оппозициялык топ - Сирия улуттук коалициясы Сочидеги жыйынга каршы экенин 1-ноябрда билдирди.
"Коалиция Женевадан тышкары же БУУ колдоосунан тыш режим менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөргө катышпайт", деди "Рейтер" агенттигине уюмдун өкүлү Ахмад Рамадан.
Сүйлөшүүлөр боюнча оппозициялык Жогорку комитеттин мүчөсү Мухаммад Аллуш да муну ырастады.
Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу аракетинде Женевада, Астанада талкуулар өтүп келет.
Сирия өкмөтү менен оппозициясын Сочиде жолугуштурууну Орусия демилгелеген. Аны Түркия менен Иран колдоп, сүйлөшүү 18-ноябрда Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катыштырылбастан өтөрү белгиленген.
Орусия Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, "Сирия улуттук диалогунун конгрессине" 33 сириялык уюм чакырылган. Анын ичинде мурда сүйлөшүүлөргө катыштырылбаган күрт топтору да бар.