Назарбаев "Нур Отанды" модернизациялоо зарылдыгын билдирди

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын баш калаасы Астанада бүгүн бийликтеги "Нур Отан" партиясынын саясий кеңешинин кеңейтилген жыйыны өттү. Иш-чаранын ачылышында сүйлөп жатып президент Нурсултан Назарбаев партия парламенттик шайлоодон татыктуу өткөнүн айтып, калктын түрдүү катмарын көрсөткөн, өлкөдөгү негизги саясий күч болуп калганын айтты. Партияны модернизациялоо керектигин кошумчалады.

- Анткени өлкө, экономика жаңыланууда. Саясий күчтөр да заман менен бир кадамда болушу керек, - деди Назарбаев.

Жыйын соңунда партиянын саясий кеңешинин бюросунун курамынан Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Каримов Масимов күч түзүмдөрүндөгү ишине байланыштуу чыгарылды, анын ордуна президенттин администрация жетекчиси Адилбек Жаксыбеков киргизилди.

2016-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо "Нур Отан" парламенттеги көпчүлүк орунду ээлеген. Байкоочулар добуш берүү атандашуу жок шартта өткөнүн билдиришкен. Жергиликтүү кеңештердин курамы да негизинен "Нур Отандын" өкүлдөрүнөн турат.