Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйыны башка күнгө жылды

Алмазбек Атамбаев.

Президенттик мөөнөтү аяктап жаткан Алмазбек Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйыны 20-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди.

Мурдараак Атамбаевдин журналисттер менен жолугушуусу 15-ноябрга белгиленген эле. Аны жылдыруунун себеби айтыла элек.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылы Кыргызстандын президенти болуп шайланган. Быйыл анын мөөнөтү аяктады.

Быйыл 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жеңип чыккан. Ал президенттик кызматка 24-ноябрда киришет. (SE)