"Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчысы опузага кабылды

Солтан Ачилова.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы Солтан Ачилова кайрадан коркутуп-үркүтүүгө кабылганын айтып чыкты. Ашхабадда жашаган 68 жаштагы журналисттин айтымында, белгисиз кишилер анын үйүнөн чыкпашын жана эч нерсени сүрөткө тартпашын талап кылышкан. 14-ноябрда кара түстөгү автоунаа аны Ашхабаддагы АКШнын элчилигине чейин ээрчип барган. Журналист шаардагы дүкөндөрдүн биринде азык-түлүк үчүн кезекке турган элди тартып баштаганда аңдып келген кишилердин бири жолтоо болуп, орой мамиле кылганын кошумчалады.

"Ал таш алып "башыңды жара чабам, эгер колуңа дагы бир жолу фотоаппарат алсаң, өзүң менен кошо талкалап салам" деп коркутту", – деди Ачилова.

Солтан Ачилованы белгисиз кишилер былтыр бир нече жолу сабап кетишкен.

Эл аралык "Хьюман Райтс Вотч" укук коргоо уюму октябрда "Солтан Ачиловага куугунтук болуп жатат" деп жарыялаган.