Астанада кыргыз-казак достугуна арналган акция өттү
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Казакстандын борбору Астана шаарында коррупцияга каршы туруу жана ишкерлердин укугун коргоо боюнча кеңештин мүчөсү, “Отан” партиясынын өкүлү Сырым Абдрахманов кыргыз-казак достугуна арналган акцияга чыкты. Казакстандык активист бул тууралуу өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазып, видеосун кошо жарыялады. Буга чейин Бишкек шаарында да кыргызстандык жаран Казакстандын туусун төшүнө байлап алып куду ушундай аталышта акция өткөргөн. Аны да кыргызстандыктар келип кучакташкан.