Даун синдрому менен төрөлгөн балдар Бишкекте мода көрсөтүшөт

Мода көргөзмөсү үчүн чыгарылган постер.

Даун синдрому менен төрөлгөн балдар Бишкектеги мода көргөзмөсүндө модель катары чыгышат. 

Даун синдрому менен жашаган балдардын ата-энелеринин "Сантерра" Коомдук фондунан кабарлашкандай, иш-чара 2-декабрда Asia Mall соода борборунда өтөт. 

Мода көргөзмө Даун синдрому менен жашаган балдардагы стереотиптерди жок кылып, алардын жакындарын тороп алган психологиялык тоскоолдуктарды алып салуу максатын көздөйт.