Мушкер Самат Эмилбеков дүйнө чемпиону болду

Самат Эмилбеков (ортодо).

Кыргызстандык мушкер Самат Эмилбеков Megdan Fight спорттук уюмунун версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталды. ММА жана К-1 боюнча эл аралык турнир 25-ноябрда Сербиянын Новисад шаарында өткөнүн мушкердин машыктыруучусу Эмил Токтогонов билдирди.

Кыргыз мушкери өзбекстандык Султан Калахунов менен ат салышып, 1-раунддун 35-секундасында технкалык нокаут менен жеңип алды. 

Самат Эмилбеков Кулатуу эртаймаш боюнча Кыргызстандын курама командасынын мушкери.