Сокулук райондук милициясынын жетекчилери кызматтан алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Сокулук райондук милициясынын тергөө абагынан төрт кишинин качып кеткенине байланыштуу кызматтык иликтөө жүрдү.

Анын натыйжасында райондук милициянын башчысы жана анын орун басарлары кызматтан алынды. Учурда жетекчиликтин милдетин Азамат Ногойбаев аткарууда.

Мунун алдында Сокулук райондук прокуратурасы тергөө абагынан төрт кишинин качып кетишине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304, 316-беренелердин негизинде (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Шалаакылык”) кылмыш ишин козгогон. Буга байланыштуу эки милиция кызматкери убактылуу тергөө жайына камалган.

27-ноябрда Сокулук райондук милициясынын тергөө абагынан төрт киши качып чыккан. Аларды кармоо боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун милициясы “Сирена” планын жарыялап, 40 жаштагы Рамил Базаркулов жана Бакыт Дилдешов Бишкек шаарынан колго түшүрүлгөн.

Ал эми 32 жаштагы Багтият Ачылдурдиев менен 28 жаштагы Кайрат Жанботоевди издөө иштери уланууда.

ИИМдин маалыматына караганда, бул адамдарга Кылмыш кодексинин “Каракчылык” жана “Киши өлтүрүү” беренелери боюнча айып тагылып жаткан. (КЕ)