Улуттук банк дагы доллар сатты

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын Улуттук банкы бул айда тогузунчу жолу интервенция жүргүздү. Мекеменин расмий сайтына 28-ноябрда 4,5 миллион доллар сатылганы тууралуу кабар чыкты.

Ошентип, жалпысынан бул айда Улуттук банк 42 миллиондон ашуун доллар сатты.

Улуттук банктын курсу боюнча бүгүн 1 АКШ доллары 69 сом 70 тыйын турат.

2015-жылы ноябрда доллар Кыргызстанда эң кымбат чекке жетип, 75 сомго барган. Кийин арзандап отуруп быйыл апрелде 67 сомго чейин төмөндөгөн, июндун аягынан тарта кайра кымбаттай баштаган. (RK)