Reuters: Трамптын жеңишинен кийин Орусиядан санкцияларды алуу пландалган

Reuters агенттиги билдиргендей, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флинн орус тарап менен “эгер Дональд Трамп президент болуп шайланса Орусиядан санкциялар алынат” деген план боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.

Бул план боюнча Трамп шайлоодон жеңсе мурдагы кеңешчи Жакынкы Чыгышта атомдук реакторлордун курулушу боюнча долбоорду кубаттамак. Бул долбоор Орусияга каршы санкцияларды алууга жол ачмак.

Белгилүү болгондой долбоорго учурда санкция алдындагы орусиялык “Бириккен машина куруу” заводу катышмак. Бул компания атом жабдыктарын өндүрүүгө багытталган.

Рейтердин маалыматы боюнча атом энергетикасы боюнча кеңеш берүүчү - ACU Strategic Partners агенттиги Трамптын орусиялык компания менен иштешүүгө кызыкдар болгонун жана бул демилгени кеңешчи Майкл Флинн колдогонун ырастаган.

Мындан тышкары Reuters АКШ Сауд Арабиясына жана Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөргө атомдук ректорлор үчүн түтүктөрдү жасоого укук алууга украиналык “Турбоатом“ компаниясына көмөктөшмөк деп жазды. Аталган келишим 45 млрд долларды түзмөк жана Киев бул үчүн антиорусиялык санкцияларды жумшартмак.

Ак үй жана ACU бул боюнча үн ката элек. Кечээ америкалык медиа Флинн Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляков менен Трамптын жакын үзөңгүлөшү Жаред Кушнердин тапшырмасы боюнча байланышканын жазып чыгышты.

Флинн Вашингтондун аймактык сотунда көрсөтмө берип жатып федералдык чалгын кызматынын тергөөчүлөрүн алдап койгонун моюндаган. Флинн Орусиянын АКШнын президенттик шайлоосуна кийлигишкенин төгүндөп жалган көрсөтмө бергенин моюнуна алган жалгыз аткаминер.

Августтун башында Трамп Орусияга каршы санкцияларга байланыштуу жаңы мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, орусиялык энергетикалык долбоорлорго инвестициянын өлчөмүнө чектөө коюлат. Жаңы мыйзам президенттин Конгресстин макулдугу жок мурда кабыл алынган чектөөлөрдү алып салуу укугунан ажыратат.