Биринчи вице-премьерликке Шадиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү

Аскарбек Шадиев.

Биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин талапкерлеги көрсөтүлдү.

Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, анын талапкерлиги Конституциянын 1-декабрда күчүнө кирген беренелерине ылайык көрсөтүлүүдө.

Баш мыйзамдын 72-беренеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалса, депутаттык мандаты жана добуш берүү укугу сакталат.

Дал ушул укуктан пайдаланып, учурда бош турган биринчи вице-премьерлик кызматка азыркы депутаттардын бири дайындалары буга чейин эле айтылып жаткан.

48 жаштагы Аскарбек Шадиев буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, энергетика министри, Баткен облусунун губернатору болгон. (BkA)