Казакстан чектөө киргизген компаниялардын маселеси каралат

Толкунбек Абдыгулов.

Казакстан чектөө киргизген кыргызстандык ишканалардын маселеси өзүнчө каралат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Казакстан менен кол коюлган «Жол картасына» ылайык, Казакстанга өндүрүмүн саткан кыргызстандык ишканалардын тизмесин кеңейтүү каралып жатат.

Кыргыз-казак чек арасында көзөмөл күчөгөн кезде Астана Кыргызстандагы сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган бир нече компаниянын өндүрүмдөрүн өз аймагына киргизүүгө чек койгон. Алардын арасында «Ак-Сүт", "Риха", "Куликовский" жана "Эмилия" ишканалары бар экени белгилүү болгон.

Коңшу өлкө мындай чараны Кыргызстандан талапка туура келбеген өндүрүм кирип жатканы менен түшүндүргөн. (BkA)