Бишкекте BIF 2017 инвестициялык форуму болот

ЖИА бизнес ассоциациясы билдиргендей, Бишкек инвестициялык форумунун алкагында ишкерлер үчүн атайын тренингдер уюштурулат.

Быйыл орто жана ири ишканалар менен бирге старт-ап долбоорлорду дагы катыштыруу максаты коюлган. Ошондой эле форумда Кыргызстандын түштүк региондорундагы ишкерлерге өзгөчө көңүл бурулат.

BIF 2017 форуму Кыргызстандагы ишкерлер менен инвесторлордун жолугушуусун камсыздоочу эң ири бизнес аянтчасы болуп эсептелет.

Иш-чара алгачкы жолу 2015-жылы өткөн.