Бишкекте бүгүн Кыргызстандагы ишкердикти ирээтке келтирүү боюнча реформанын жыйынтыктары жарыяланат. Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара ЕККУнун “Жөнгө салуунун анализи” аттуу долбоору менен бирге уюштурулууда.
Жыйынга өкмөттүн, тиешелүү министрликтердин, эл аралык уюмдардын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү чакырылган.
Өкмөт ЕККУнун колдоосу менен ишкерлик жүргүзүүдөгү кыйынчылыктарды жөнгө салуу долбоорун 2015-жылы баштаган. Анын алкагында ишкерлик боюнча мыйзам долбоорлору кайра каралып, жеке сектордогу маселелер ачыкка чыгарыла тургандыгы айтылган. (NT)