Жээнбековдун күчү коррупционерлерге жетеби?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Коррупция менен күрөштүн кийинки этабы тартип коргоо, сот жана көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлеринин катарын тазалоо, "колу туткактардан" арылуу болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда айтылат. Бул датага байланыштуу Бишкекте соңку алты жылда паракорчулукту тыюу боюнча жасалган иштерди талдаган жыйын өттү.