Москвада Солженицынды эскерүү тактасы ачылды

Александр Солженицын 2008-жылы Москвада көз жумган.

Москванын Тверская көчөсүндө жазуучу Александр Солженицынды эскерүү тактасы ачылды.

Такта жазуучу 1974-жылы жашаган үйдүн дубалына бекитилди. 1994-жылдан бери бул имаратта Солженицындын фонду иш алып барат. Ал эми эмдиги жылы жазуучунун 100 жылдыгына карата музейи ачылары күтүлүүдө.

«Гулаг архипелагы» романынын автору 2008-жылы Москвада көз жумган. Анын элесине арналган биринчи эстелик Белгороддо ачылган. Кийин Владивостокто орнотулган. 

Өз романдарында советтик сталиндик эмгек лагерлердеги азаптуу жашоону чагылдырган Солженицын 20 жыл чет өлкөдө бозгунда жашаган.