БУУ: Азия өлкөлөрү дүйнө экономикасынын өсүшүн камсыздоодо

Бээжиндеги автомобиль заводунун жумушчусу.

Быйыл дүйнө экономикасы 3% өсүп, 2011-жылдан берки эң жогорку көрсөткүчкө жеткенин Бириккен Улуттар Уюму билдирди. Буга экономикалык кыйынчылыктан чыгып, оңолуу жолуна түшкөн Орусия, Бразилия, Аргентина жана Нигерия да салым кошкону көрсөтүлөт. 

11-декабрдагы баяндамасында дүйнөлүк уюм Кытайдын жана Азиядагы башка өлкөлөрдүн экономикасында быйыл да чоң секирик болгонун белгиледи. 

Өнүгүп бараткан өлкөлөр мурдагыдай эле глобалдык өсүштүн кыймылдаткыч күчү бойдон калууда. 2017-жылкы жалпы өсүштүн жарымына жакынын Чыгыш жана Түштүк Азия түздү. Анткени эки чөлкөм тең тез өнүгүүсүн улантууда, - делет баяндамада. 

Ал эми жеке Кытайдыкы глобалдык өсүштүн үчтөн бирине жакынын түзгөн. 

Орусия экономикасынын оожалып баратышына мунайдын кымбатташы себеп. 11-декабрга карата "Brent" үлгүсүндөгү кара майдын баррели 65 долларга чыкты. Бул 2015-жылдын июнунан берки эң жогорку баа.