Мамлекеттик сатып алуу департаментин Алина Шаикова жетектейт

Алина Шаикова.

Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуу департаментинин директору болуп Алина Шаикова дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Өкмөт башчы мекемеге жаңы жетекчини тааныштырды. 

Алина Шаикова 2014-2015-жылдарда Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген. (NT)