КСДПнын төрагалыгына Атамбаевдин талапкерлиги каралат

Экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) январдын аягында кезектеги курултайга чогулуп, партиянын төрагасы шайланат. Азырынча партиянын жетектөөгө бир гана талапкер - экс-президент Алмазбек Атамбаев каралууда. Бул тууралуу КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов билдирди:

- КСДПда башка талапкер жок. Талапкерлердин саны чектелбейт, бирок партиялаштардын ою бир - ал Алмазбек Атамбаев. Башка ой жок.

КСДП - Кыргызстандагы бийликтин партиясы. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде ага парламенттин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков жана Фарид Ниязов жетекчилик кылышкан. Бирок Турсунбеков да, Ниязов да партиянын төрагасы болгон эмес. (SE)