АКШ Чыгыш Европага аскер-аба майданын курууга 200 млн. ашуун доллар бөлөт

Литванын Шяуляе аба майданындагы "F-22 Raptor" учактары.

Бул каражатты Чыгыш Европада аскердик аба майдандарын курууга жана оңдоо иштерине сарптоо пландалууда. План Орусиянын агрессиясын басаңдатуу демилгесинин бир бөлүгү экенин америкалык "Air Force Times" гезити жазды.

Президент Дональд Трамп кол койгон 2018-жылдын аскердик бюджетинде аскер-аба күчтөрү министрине буга ыңгайлуу жерлерди сатып алууга жана АКШдан тышкары жерде объекттерди курууга уруксат берилген.

Испанияда, Норвегияда жана Чыгыш Европанын көпчүлүк бөлүгүндө курулуучу аба майдандарына сарптала турган акчанын эсеби келерки жылы 214 млн. долларга жакын болмокчу.

Бул каражатка "F-22 Raptor" жана "F-35 Strike Fighter" сыяктуу көрүнбөс учактар жана чалгын жабдыктары сатылып алынмакчы. Булар Орусиянын Түндүк жана Балтика деңиздериндеги суу түбүндө жүрүүчү кайыктарын көзөмөлдөө максатында алынат.

Исландиядагы Кефлавик аскер-деңиз базасында учактар сакталуучу жаңы кампаларды куруш үчүн 14 млн. доллардан ашуун акча бөлүнгөн. Гренландия, Исландия жана Британия бурчтугу Орусиянын суу алдында жүрүүчү кайыктарына Атлантика океанына чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Бул аймак Экинчи Дүйнөлүк согушта немистердин суу түбүндөгү кайыктарын курчоодо негизги түйүн болуп бергени менен өзгөчө артыкчылыгы бар экени айтылат.

АКШнын Европа командачылыгынын өкүлү Европада мындай объектилерди куруу АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн аймактагы күжүрмөн даярдыгын арттыраарын белгиледи.

Бул демилге Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Европа өлкөлөрү тарабынан көтөрүлгөн.