Кыргыз-кытай газ кууру курулат

Кыргыз-кытай газ куурунун курулуш долбоорунун суммасы - 1,2 млрд. доллар. Курулуш 2019-жылдын аягында башталмакчы.

Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет маалымдады. Ага ылайык, кыргыз-кытай газ куурун куруу боюнча сүйлөшүү 18-декабрда кыргыз өкмөтү менен Кытайдын "SINO-Pipeline" компаниясынын ортосунда болду.

Долбоор Түркмөнстандын газын Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга сатууну максат кылат. Газ куурунун Кыргызстандагы узундугу 215 чакырымды түзөт.

Кыргыз-кытай газ кууру Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы "Карамык" бекетинен башталып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Эркечтам бекетинен бүтөт. (ZKo)