Мария Алёхина бүгүн Москвада, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБнын баш кеңсесиндеги акциясы учурунда кармалды.
Ал акцияга мурдагы советтик атайын кызмат - НКВД, кийинки КГБ түзүлгөнүнүн жүз жылдыгына байланыштуу чыккан эле.
ФСБ имаратынын кире беришинде “Желдеттер, туулган күнүңөр менен” деген плакатты көтөрүп турган.
“Биз ФСБ имаратына келип, чекисттерди куттуктоону чечкенбиз. ФСБ- КГБнын тикелей мураскери, ушуну дагы бир жолу эске салдык ”, -деди Алёхина “Эркин Европа/Азаттык радиосуна полиция бекетинен.
20-декабрь - Орусияда атайын кызматта иштегендердин кесиптик майрамы.
Pussy Riot тобунун эки мүчөсү, анын ичинде Мария Алёхина 2012-жылы Москвада, Орус провослав чиркөөсүнүн кафедралдык соборунда (Храм Христа Спасителя) “диний жек көрүүчүлүк жүйөсү менен бейбаштык кылды” деп айыпталып, эки жылга абакка кесилишкен.
2013-жылы декабрда, жаза мөөнөтү бүтөргө жакындап калганда, Сочи олимпиадасын утурлай мунапыстын негизинде бошотулушкан.
Алар 2012-жылы чиркөөдөгү акциясы учурунда ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Владимир Путинге каршы ырдашкан. (UE)