Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды дагы узартты

Европа Биримдиги Украинага карата агрессиялык саясаты үчүн Орусияга киргизген санкцияларын дагы жарым жылга расмий түрдө узартты. 21-декабрдагы чечими менен Еврокеңеш биримдиктин лидерлеринин өткөн жумадагы чечимин бышыктады. 

Евробиримдиктин чаралары негизинен Орусиянын банк жана энергетика тармактарын камтыйт. Санкциялар 2014-жылдан тартып киргизиле баштаган жана алты ай сайын узартылып келет. 

Экономикалык жаза чараларына Орусиянын Крымды каратып алышы жана Донбасста жикчилдерди колдошу негиз болгон.