"Манас" аэропортунда каттамдар калыбына келди

"Манас" аэропорту.

Калың тумандан улам бүгүн түшкө чейин Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунда 4-5 саат учактардын учуп-конушу токтоп турду. Аэропорттун басма сөз кызматы каттамдар түштөн кийин жанданганын "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөргө тийиштүү авиакомпаниялар эреже боюнча жардам көрсөтүштү.