Жээнбековдун Астана сапары

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана ЕАЭБнын алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. 

Аны Астана шаарындагы эл аралык аэропортто ардактуу кароолдун коштоосунда Казакстандын вице-премьер-министри Аскар Мамин тосуп алды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстандагы расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар биргелешкен документтерге кол коюлду.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчылар Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев кол койгон документтердин арасында эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү, кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү макулдашуу бар.

Жолугушууда казак президенти Назарбаев “Биз келип-кетебиз, эл калат. Ошондуктан достук, туугандык мамилени кийинки муунга таза бойдон калтырышыбыз керек” деди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Казакстанга расмий иш сапары менен барды.