"Бешинчи каналдын" жамааты ишин токтотууда

Кыргызстандагы "Бешинчи каналдын" эмгек жамааты бүгүнтөн тартып ишин токтотот. Бул тууралуу аталган телекомпаниянын сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, бүгүн эфирге жаңылыктардын акыркы берүүлөрү чыгат. Кабарлардын саат 20:00дөгү жыйынтыктоочу чыгарылышы телеканалдын тарыхына, буга чейин иштеп кеткен жана учурдагы кызматкерлерге арналат.

Бешинчи канал биринчи жолу эфирге 2007-жылы 12-февралда чыккан. Каналдын жетекчиси Евгения Бердникова 15-декабрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

"Бешинчи канал" 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаев тактан оодарылгандан кийин КООРТ каналынын базасында түзүлгөн. 2009-жылы аны кийин апрель окуясы боюнча айыпталып, он жылга сырттан эркинен ажыратылган Оксана Малеваная башкарган. Малеваная ошол кездеги президенттин катчылыгынын башчысы болуп кеткенден кийин каналды Евгения Бердникова жетектеп келди.

Аны парламенттик каналга айландыруу аракети 2011-жылы көрүлүп, экс-президент Роза Отунбаеванын каршылыгына карабай депутаттардын көпчүлүк добушу менен улутташтырылган. Мамлекеттин карамагына өткөндөн кийин"бюджетке жүк болуп жатат" деген негизде "5-канал" менен кошо улутташтырылган мүлктүн катарындагы "Пирамида" каналын сатуу демилгеси Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөрүлгөн. Эки телеканал тең кагаз жүзүндө "парламенттик" деп саналганы менен ушул тапта "Пирамида" гана Жогорку Кеңештин жыйындарын чагылдырат. ​(NT)