Салянова: педофилдердин жазасын күчөтүүгө президент каршы чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова педофилдердин жазасын күчөтүү боюнча депутаттар кабыл алган мыйзамга президент вето койгонун бүгүнкү жыйында билдирди. Ал мындай каршы пикир экс-президент Атамбаевдин учурунда да болгонун айтып, азыркы каршы пикирди даярдагандар президенттик аппараттын мурдагы эле кызматкерлери болушу мүмкүн экенин боолгоду.

- Аппаратта мурда иштеген адамдардын инерция менен кектин чегинен чыга албаган, бут тосууга багытталган иштери деп түшүнөм. Себеби мындай бүтүмдү чыгарган адамдар жаңы президентке эч качан жакшылык каалабайт. Кенедей балдар жөнүндө сөз болуп жатат, педофилдерди аябашыбыз керек, ал эми каршы пикирдин бүтүмүндө "аларга (педофилдерге) оңолууга мүмкүнчүлүк бериш керек" деп жазышыптыр.

Депутат Салянованын мындай пикирине президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев каршы чыгып, "демилгечи мыйзамды алып келип жатканда кетирилген кемчиликтерди оңдошу керек болчу" дейт. Президенттин өкүлү мыйзамда ички карама- каршылык жараткан жагдайлар көп экендигин кошумчалады.

Кылмыш кодексине педофилдердин жазасын күчөтүүгө багытталган өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламент ноябрь айында үч окууда кабыл алган. Анда жашы жете элек кыздарга сексуалдык зордук көрсөткөн адамдар кылмыштын оордугуна карата беш жылдан тартып өмүр бою эркинен ажыратууга чейин жазаланмак. Аталган мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков декабрь айынын башында каршы пикирин билдирген. (SDz)