Президенттик аппарат итке калпак кийгизгендерге өз баасын берет

Интернетте тараган сүрөт.

Бул тууралуу парламенттин жыйынында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев билдирди. Ал бир катар депутаттардан итке калпак кийгизген окуяга нааразы пикирлер түшүп, маселе социалдык түйүндөрдө да катуу талкууланып жатканын кошумчалады.

- Баш кийимди ар бир улут сыйласа керек. Кыргыз дагы кыргыз болуп жаралгандан бери башынан түшүрбөй кийип келе жатат. Факты боюнча биздин аппарат дагы өзүнчө карап, баа берет деген ойдомун.

Итке калпак кийгизилгени Интернетке тараган сүрөт "Бишкек-Парк" борборунда өткөн "Dog’s Fashion Show 2018" аттуу иттердин мода көргөзмөсүндө тартылган. Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары муну сынга алышкан. Уюштуруучулар катышуучулардын костюмдарына жооп бербей турганын айтып, "бул жөн гана сынак" деген жооп кайтарышкан. (SDz)