Павел Грудинин Орусиянын президенттигине талапкерлигин көрсөттү

Павел Грудинин (солдо) менен Геннадий Зюганов. 23-декабрь, 2017-жыл.

Орусиядагы “Ленин атындагы совхоз” агрохолдингинин башчысы Павел Грудинин өлкө президенттигине талапкерлигин көрсөтүп, Борбордук шайлоо комиссиясына документин тапшырды. Ал Орусия Федерациясынын Компартиясынын өкүлү катары (РФКП) талапкерлигин койду. Анын шайлоо штабын коммунисттердин азыркы лидери Геннадий Зюганов өзү жетектейт.

Грудинин өзү РФКП партиясына мүчө эмес, бирок мурунтан партиянын идеяларын колдоорун ачык айтып келген. 2010-жылга чейин ал “Бирдиктүү Орусия” партиясына мүчө болуп жүргөн. Президенттик программасында ал жакырчылык менен күрөшөөрүн көрсөткөн.

28-декабрда Боршайком Владимир Путинди президенттикке талапкер катары каттады. Ошол эле учурда Боршайком оппозициячы саясатчы Алексей Навальныйдын мурунтан шарттуу соттолгонун жүйө кылып, аны жарыштан четтетип койду. Навальный өз кезегинде орусиялыктарды алдыдагы президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырды.

Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылы 18-мартта өтөт. Буга чейин сыналгы алып баруучу Ксения Собчактын, ишкер Борис Титовдун, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновскийдин жана "Яблоко" партиясынын негиздөөчүсү Григорий Явлинскийдин талапкерлиги БШКда каттоодон өткөн.