Стокгольмдун четиндеги жарылуудан бир адамдын өмүрү кыйылды

Жарылуу болгон жер. 7-январь, 2017-жыл.

Швед полициясынын билдиргенине караганда, жарылуу Стокгольмдун чет жакасындагы метро станциясынын сыртында бүгүн болду.

Андан бир эркек киши каза таап, аял адам жаракат алган.

Полициянын расмий өкүлү Свен-Эрик Оллсондун айтымында, жарылуунун себептери азырынча аныктала элек жана ал терроризмге байланышы бардыгынын да азырынча эч ишарасы жок.

Жергиликтүү медиа болсо метро станциясынын сыртында кол гранатасы жарылганын кабарлоодо. (UE)